Каракол шаарында өткөн жуманын соңунда ишкерликти
өнүктүрүү максатын көздөгөн "Startup Weekend" иш-чарасынын алкагында “Ашлямфу-Сити”
долбоорунун авторлору аянтча куруу үчүн
500 доллар утуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде долбоордун
уюштуруучуларынын бири
Мирсулжан Намазаалы маалымдады.
Анын айтымында, "Startup Weekend" Ысык-Көлдө алгачкы жолу өткөрүлдү жана ага катышууга 60тан ашуун ар кандай сунуш келип түшкөн. Анын ичинен 35и
презентациясын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Презентациядан 15и иргелип, анын ичинен 1, 2, 3-орундардын ээлери табылган.
“Буга чейин ашлямфу тамагы базардын ичинде, эч кандай
санитардык эрежелер сакталбай жасалып келген. “Ашлямфу-Сити” аянтчасы ачылып, санитардык
эрежелердин сакталышы менен тамактын бул түрү заманбап ыкма менен сатыла
баштайт. Ошондой эле ал жайга эӊ мыкты ашпозчулар жалданмакчы”,- дейт Мирсулжан Намазаалы.
Эгер алар Бишкекте өтө турган сынакка да
ийгиликтүү катышса, дагы 500 миң сомго ээ болушат. Ал эми сынактын финалы
сентябрдын башында Бишкекте өтөт. Анын жеӊүүчүсү чет өлкөгө жолдомо алат.