Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан 875 диний мекеме бар

Республика боюнча дин тармагындагы мекемелердин саны 2344тү түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мечиттердин саны - 2175, чиркөөлөрдүн саны - 120, ал эми сыйынуу үйлөрүнүн саны - 49.

Жалпы мекемелердин ичинен 1360ы мыйзамдуу түрдө пайдаланылып жатса, 875и мыйзамсыз пайдаланылууда. Мыйзамсыз жол менен пайдаланылып жаткан 875 мекеменин 859ун мечиттер түзөт. Андан тышкары 3 чиркөө, 13 сыйынуу үйү мыйзамсыз иштетилип жатат.  

Ал эми мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин саны 109га барабар. Анын 109у тең мечит экени маалым.  

“1885-жылдан бери иштеп келе жаткан мечиттер да бар. Көбүнүн имамдары тез-тезден алмашып тургандыктан, иштеп баштаган жана курулуп бүткөн жылдарын тактаганга мүмкүн болгон жок. Мечиттердин көбү өз күчү же ашар жолу менен курулгандыгы үчүн документтеринин жок экендиги белгиленди. Бул маселе боюнча мындай объектилерди мыйзамдаштыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кат жиберилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Имамдары ордунда болгон мечиттерге эскертүүлөр тапшырылып, пайдаланууга киргизүү зарылдыгы эскертилди”,- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
novayariga
2014-04-15 14:24:31
Биздин айылдын намаз окуган жашоочулары имам баш болуп мечиттин документине акча сурап жатат деп топтоп жатат ар кимден. Жок дегенде ушулардын документин жон эле беришпейби ,булар намаз окуган учун куноолуубу?
0
Dadin
2014-04-15 14:43:58
Мечит курардын алдында айыл окмоттон керектуу документтерди алып анан куруу иштерин башташ керек.Курулуп буткон сон Муфтиятка каттоого алынышы керек.Болбосо баш аламан болуп кетпейби каалаган эле каалаган жерине мечит салып.Бирок Кыргызстанда мечит жетишерлуу эле салынып бутту окшойт эми, Аллах жолунда деп мектеп,бала-бакчаларды курушса жакшы чоон сооп иш болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан