Бишкекте 14-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстандагы Түркиянын ыйгарым укуктуу элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги менен биргеликте Мухаммед пайгамбардын туулган айына карата “Куттуу жумалык” болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Дин башкармалыгынан маалымдады.
Ага Кыргызстандагы Түркиянын ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч баш болгон бир топ түркиялык коноктор, Бишкектеги окуу жайлардын теология факультеттеринин окутуучулары жана сыйлуу коноктору да катышты. Ошондой эле Аалы Туткучев менен Баян Акматов акындык өнөрлөрүн, диний ырларды ырдаган ырчылар, Түркиядан келип мечиттерде мугалим болуп иштеп жаткан имамдар жана "Арашан" теология факультетинин студенттери концерттик программада катышышты.