Казакстандын Ички иштер министрлиги сакал коюуга тыюу салууну сунуштоодо

Казакстандын Ички иштер министрлиги сакал коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Бул жаңы киргизүүлөр Казакстандын бардык жарандарына эмес, абакта отургандарга гана тиешелүү болот. Камакта отургандардын сырткы келбети боюнча сунуштар ИИМдин Кылмыш жана жаза аткаруу кодексинин жаңы долбоорунда сунушталган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 

Аталган долбоор камакта отургандардын сакал коюусуна каршылыгын билдирет. Ошондой эле чачтын узундугуна чектөө киргизүү сунушталууда.  

"Абакта отургандардын сырткы келбети таза жана тыкан болушу керек" деп өкмөттүн сунушунда так жазылган жана бул долбоорго киргизилген. Ошондуктан биз чачтын узундугу канча сантиметрге чейин болушу мүмкүн экенин да тактап жазышыбыз керек. Абактагы адамдын чачы анын жыйналган төшөгүндөй тыкан болуп турушу зарыл. Бул нерселердин баары мыйзам алдындагы актыларга киргизилиши зарыл",- деп Мажилис Өкмөтүнүн депутаты Светлана Бычкова журналисттерге бүгүн билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
mamamia
2014-04-15 15:47:56
туура кылат
0
Мэри
2014-04-15 15:49:36
Сонун сунуш экен, бирок абактагыларга эле эмес, баарына чектөө киргизсе, анан бизде да колдонулса жакшы болмок...
-7
tolkun85
2014-04-15 17:42:40
Мэри, баарына чектоо киргизе албаса керек, себеби: мусулманбыз сакал бул суннот!
+3
Dadin
2014-04-15 15:54:43
Сакалды эми жашына карап койсо жакшы эле болот.Азыр жаштар деле саксайып сакал коюп алышпадыбы,атасы тируу сакал койбойт деп коюшатко кыргызда.
+3
uluk1982
2014-04-15 16:55:52
Dadin, калп айпачы! Манасты сакалы жок элестете да албайсын!туурабы! далили жок эле жаза бересинби!
-1
MoMyH.1
2014-04-15 16:19:20
Дагы эмнени ойлоп табат экенсинер! Исламга канчалык кысым корсотсонор, Ислам ошончолук тезирээк тикеленет!
+8
Dadin
2014-04-15 16:36:42
MoMyH.1, Исламга кысым корсоткону жокко,же сакал койсон эле мусулман болуп каласынбы?Сакалды да койо турган убагы менен койсо жакшы да.
-5
ere
2014-04-15 16:23:48

Dadin туура айтасын
-7
bossmos7
2014-04-15 16:36:56
Кыргызстанда да жонго салуу керек.
-7
maksnarin
2014-04-15 17:10:01
бизде да колдонсо жакшы болот,болбосо жапжаш балдар апсыйтып сакал коюшкан же аны тегиздешпейт,Петрдун ыкмасына салып басып алып кыркыш керек.
-4
sesh_elya
2014-04-15 17:59:05
Ak sakaldar jawtardan emnesi menen ayirmalanat sakaly menen. Jawty jawtay otkorup sakal koyboy ele koyso dep oyloym, anustuno kee biri atasy tiruu kezinde ele sakal koyup alywat, toonu omkorup salgansyp atasynyn jawyna jetki4e dagy daalay osturot da
-4
Bella-life
2014-04-15 18:57:32
Ооба мен да туура деп ойлойм, чачына 100% кошулам
-3
Kunnur
2014-04-15 20:09:46
Эгер 100% карышымын.исламда болгон нерсени аткарыш керек.эгер сунот болбогондо анда эч нерсе дебейт элем.мода кылып койуп алгандарга эч нерсе дей албайм.Ислам менен Мухаммед пайгамбардын жолу менен жашаганга не жетсин.
+2
Dinislam0777
2014-04-15 21:09:03
Сакал койгон суннот Мухамед(с.а.в) пайгамбарыбыз сакалынарды койгула,мурутунарды кыскарткыла деген ошон учун этият болгула биртуугандар пайгамбардын суннотуно каршы чыккандар Аллага каршы чыкканы.Аллага каршы чыккандарга азап жана тозок бат эле келет.Пайгамбарыбыз сакал койгонду жашка кара деген эмес эркек болсон эсеп.
+3
Mech.kg
2014-04-16 02:37:51
Сакалды запрет кылган болбойт.заманан менен куруп кал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан