Ош шаардык салык кызматынын өкүлдөрү студенттер менен жолугушту

Ош технологиялык университетинде Шаардык салык башкармалыгынын кызматкерлери менен студенттер жолугушту. Иш-чара аталган окуу жайдын экономика жана башкаруу факультетинин финансы-кредит кафедрасынын эмгек жамааты тарабынан уюштурулган.

Ага Салык башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн түшүндүрүү жана окутуу боюнча сектор башчысы Ташмамат Токтосунов, инспектор Асылбек Абдрай уулу катышты. 

Студенттерге “Кыргызстан жарандарынын кирешелерин жана мүлктөрүн легалдаштыруу” жана физикалык тараптардын “Бирдиктүү салык декларациясы” темасындагы доклад окулуп, талкууга алынды. Андан соң студенттер өздөрүнүн кесиптерине байланышкан суроолоруна кеңири жооп алышты. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы бүгүн, 15-апрелде маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан