Англиялык “Манчестер Юнайтеддин” мурунку машыктыруучусу Алекс Фергюсон рак оорусуна каршы дарыны иштеп чыгуу үчүн изилдөө иштерине 250 миң фунт стерлинг (400 миң долларга жакын) бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Фергюсон менен рак оорусуна каршы дарыны иштеп чыгуу боюнча пландап жүргөн профессор кокусунан таанышып калышкан. Жолугушуудан кийин Фергюсон аталган сумманы берген.
Кошумчалай кетсек, сэр Алекс Фергюсон рактын алдын алуу боюнча Шотландиянын мамлекеттик компаниясынын жүзү болуп эсептелет. Анын ата-энеси рак оорусунан улам көз жумганы айтылып жүрөт.