Жакынкы 5 жыл аралыгында Орусия, Казакстан жана Беларустун бирдиктүү валютасынын ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта белгиленгендей, алгач Бажы биримдигине карата бирдиктүү валюта 2025-жылга чыгарылары пландалган. Бирок Орусияга батыш тараптан келип жаткан санкциялардан улам бирдиктүү валюта жакынкы жылдарда ишке кирип калышы мүмкүн.
Ошондой эле Орусия, Казакстан жана Беларустун өлкө башчылары май айында Евразия экономикалык биримдикти түзүү туурасында келишимге кол коюшары күтүлүүдө. Бул биримдикке Кыргызстан, Армения жана Тажикстан да кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ деп белгиленет.
Эске салсак, бирдиктүү валютаны киргизүү Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев тарабынан 2012-жылы сунушталган. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин бул сунушту колдогон.