Кыргызстанда Куралдуу күч түзүмдөрүнүн офицерлеринин ортосунда спорттун үч түрү боюнча мелдеш өтүп жатат

16-апрель күнү Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн офицерлеринин ортосунда спорттун үч түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталат. Мелдеш бүгүн, 15-апрелде башталды. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган биринчиликке КРнын Башкы штабынын жана КРнын Коргоо министрлигинин офицерлеринен түзүлгөн курама командалар катышууда. Мелдеш кол гранатаны ыргытуу, Калашников автоматы менен атуу жана 400 метр чуркоо эстафетасы боюнча өткөрүлүүдө. 

Жеңүүчү орундарды ээлеген катышуучулар кубок, акчалай белек, медаль жана диплом менен сыйланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан