“Айтыш” коомдук фонду ЭлТР каналы аркылуу 2013-жылы акын-манасчылардын сынагын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда “Айтыш” коомдук фондунун теңтөрагасы Азамат Болгонбаев билдирди. Анын айтымында, акын-манасчылар айтышына 25 жашка чейинки жаштар катыша алат. “Айтыш” коомдук фонду 2001-жылы түзүлгөн. Фонд төкмө акындардын жана режиссёр Садык Шер Нияздын колдоосу астында ачылган.