Бүгүн, 15-апрелде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү-1” деген аталыштагы эксперттик колдоо жана айкалыштыруу боюнча биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, эксперттик топ Жогорку Кеңеш, Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана тиешелүү органдардын 14 өкүлүнөн турат.
Эмки жыйын июнь айында өткөрүлмөкчү. Долбоордун наркы 25 миллион долларды түзүп, анын 20 миллион каражаты Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду аркылуу каржылаган.
Долбоордун негизги максаты республика боюнча бруцеллёз жана эхинококкоз илдетин жоюуга да багытталганы айтылат.