Кыргызстан менен Түркия Түрк тилинин күнүн өткөрүү, сөздүк чыгаруу жана котормочуларды даярдоо боюнча сүйлөшүштү

Бишкекте 15-апрелде социалдык, маданиий жана гуманитардык суроолор боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеясынын Парламенттик комиссиясынын үчүнчү отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Отурумда түрк тилдүү элдердин карым-катнашын бекемдөө максатында котормо ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, атайын сөздүк чыгаруу жана Түрк тилинин күнүн белгилөө боюнча маселелер каралган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык суроолор боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева түрк тилин өнүктүрүүгө катышкандардын активдүү иш алып барууларын суранган.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеясынын Парламенттик комиссиясынын үчүнчү отуруму 2014-жылдын экинчи жарымында Азербайжанда өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан