Англиялык “Манчестер Сити” эң ири айлык төлөгөн клуб катары 1-орунду сактап калды

Англиялык “Манчестер Сити” футболдук клубу спорттук клубдардын ичинен эң ири айлык төлөгөн клуб катары 1-орунду сактап калды. "Sporting Intelligence" жана "ESPN" басылмалары жүргүзгөн изилдөөнүн ушундай жыйынтыгы тууралуу кечээ, 15-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.   

Маалыматка ылайык, “Манчестер Ситинин” оюнчулары орто эсеп менен аптасына 156 миң доллар акы алышат. Клубдун 1 оюнчусунун 1 жылдык маянасы 8,1 миллион долларды түзөт.

Экинчи орунду “Нью-Йорк Янкиз” бейсбол клубу ээлейт. Клубдун оюнчуларына аптасына 154 миң доллар төлөнөт (жылына 8,03 миллион доллар).  

Алдынкы бештикте “Лос-Анжелес Дожерс” бейсбол командасы (аптасына 149 миң төлөйт), “Реал” (аптасына 145 миң), “Барселона” (143 миң) футболдук клубдары бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан