2014-жылдын 15-апрелинен 18-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде кабарлады.
Маалым болгондой, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды этият болууга чакырып, унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин баса белгилейт.