Мамлекеттик курулуш агенттиги быйыл 56 мектеп жана 6 оорукана курууну пландоодо

КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги 2014-жылы 56 мектеп, 6 оорукана курууну пландоодо. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик курулуш агенттиги үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин 56 мектеп, 6 оорукана жана социалдык-маданий мекемелердин имараттарын эксплуатациялоону пландап жатат. Андан сырткары жыл ичинде Баткен облусундагы Таян менен Чарбак айылдарындагы суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулуш иштерин аягына чыгарууну пландап жатат.

Ошондой эле Кыргызстандагы таза суу системинин жабдыктары реабилитациядан өткөрүлөт.

Ош облусунда 3, Нарында 1, Ысык-Көлдө 3, Баткенде 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 3 таза суу байланыштары реабилитацияланат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jiide.8792
2014-04-16 11:53:55
56 мес эле 6мектеп курсунчу биринчи жалалабад областына карашту сузак районунун курманбек айылокмотундогу карачолок айылындагы мектеп 15жыл болду дагы деле бутелек мен 5 класста болчум куруп баштаганда азыр менин балам окууйн деп калды дагыделе бутолек биринчи ошого окшогон бутпойжаткан мектептерди бутурбойбу озго келгенди айта бербей!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан