Малдагы оорулардын алдын алуу багытында жарыяланган бир айлык дагы бир айга узартылды

2014-жылдын 12-мартында өлкө аймагында шарп оорусунун алдын алуу боюнча жарыяланган бир айлык соңуна чыкты. Мындан ары да көзөмөлдү күчөтүү жана жайытка мал чыкканда да ар кандай илдеттерди болтурбоо максатында бул иш-чара дагы бир айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрелде аталган мекеме бир айлыкта аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Анда айрым кетирилген кемчиликтер үчүн кызматкерлерге эскертүү жана сөгүш берилди.  

Жарыяланган бир айлык алкагында республика боюнча сибирь жарасы боюнча ири мүйүздүү малдан 92 300 баш, кой-эчкилерден 167 600, жылкылардан 18 600 баш вакцинация болду. Шарп боюнча ири мүйүздүү малдан 425 600 баш, кой-эчкилерден 1 миллион 400 миң баш эмделди. Учурда дарылоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан