Ош мамлекеттик университетинде студенттик илимий конференция өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесинин алкагында медицина факультетинде "Анатомиялык олимп – 2014” аттуу студенттердин окуу-илимий жана изденүүчүлүк иштери боюнча илимий конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Анда студенттердин илимий баяндамалары, практикалык көндүмдөргө негизделген чыгармачылык эмгектеринин көргөзмө-фестивалы жана кафедранын инновациялык багыттагы жетишкендиктери тартууланды.

Жалпысынан секциялык отурумда 79 илимий баяндама окулуп, алдынкы деп табылган 16 баяндама пленардык отурумда угулду. Ал эми студенттер тарабынан даярдалган анатомиялык экспонаттардын саны 194тү түзүп, көргөзмөгө коюлду.

Жыйынтыгында жалпы резолюция кабыл алынып, мыкты илимий баяндама, анатомиялык экспонат, кроссворд даярдаган студенттерге дипломдор тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан