Бир жума ичинде 96 операция жасалды, анын 17си эхинококкоз илдети менен жабыркагандар

Бир апта ичинде Бишкектин №1-шаардык клиникалык ооруканасына 119 адам кайрылып, 96 операция жасалды. Анын 17си эхинококкоз жана 3 адам альвеококкоз илдети менен жабыркагандар болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде SUPER.KG порталына оорукананын профессору Акылбек Мусаев маалымдады.

“Ооруканага кайрылган 119 адамдын ичинен 24тү амбулатордук жардам алды. Ал эми калганы дарыланууга жаткырылды. Бир жума ичинде 90дой операция жасалып жатат. Бир айда операция жасалгандардын саны 400-450 адамга жетет”,- дейт профессор.

Ал кошумчалап кеткендей, жыл башынан бери 114 эхинококкоз, 25 альвеококкоз илдети менен кайрылган жарандарга операция жасалган. "Бул илдет менен жабыркагандар азайып баратат деген маалымат жалган. Тескерисинче, күн санап көбөйүүдө",- дейт ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан