Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары Жол-кайгуул кызматынын терс жагын гана көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйынында “Мээржазы” коомдук уюмунун лидери Ыргалай Бекмуратова билдирди.
Анын айтымында, айрым журналисттер жашынып алып, Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун иштеп жаткан учурунда пара алган же мушташып кеткен учурларын камераларына тартып, жарыялап жатышат. “Ал эми инспекторлор жакшы кызматты көрсөтүп жаткандыгына журналисттер көңүл бурбай коюшат”,- деди активист.