Бишкекте гематология жана онкология бөлүмдөрүндөгү балдарга будда кечили жардам көрсөтөт

Бишкекте эртең, 17-апрелде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнө 65 200 сомдук дары-дармек жана канга керектелүүчү 35 миң сомдук атайы даярдалган дары-дармектер өткөрүлүп берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде гематология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Черикчиева билдирди.  

“Бул жардамдар “Help the Children-SKD” кайрымдуулук фонду аркылуу кореялык Парк Жонг Сун аттуу будда кечилинин каражатына алынды. Айта кетчү нерсе, бул фонд бизге 2008-жылдан бери ар ай сайын ар кандай жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүп келет”,- дейт А.Черикчиева.   

Маалыматта белгиленгендей, Парк Жонг Сун Кыргызстанга кайрымдуулук жардамы менен экинчи ирет келүүдө. Гематология бөлүмүнө 100 миң сомдон ашуун суммадагы дары-дармектер жана онкология бөлүмүнө канга кетүүчү атайы дары-дармектерге 63 миң сом берген.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан