Эртең, 28-декабрда Бишкек шаарындагы Шаардык муз аянтчасында жаңы жылдык муз шоусу өтөт. Бул тууралуу аталган муз аянтчасынан билдиришти. Маалым болгондой, Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда музыкалык-театрлаштырылган балдар көргөзмөсү болмокчу. Кошумчалай кетсек, аталган көргөзмөдөн башка муз үстүндө бийлөө мектебинин тарбиялануучулары жана жомоктогу каармандар шоу тартуулашат. Иш-чара акысыз өтүп, саат 17:00дө башталат.