Өткөн аптанын аягында Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Мырзаке" коомунун расмий ачылышы болуп өттү.
Бул иш-чарага Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана аталган айылда туулуп-өсүп, азыр борбордо жашап жаткан жердештер катышты.
Аземдин алкагында марафон өткөрүлүп, аталган райондун Мырзаке айылына жардам көрсөтүү үчүн акча каражаты чогултулду. Коомду белгилүү тележурналист Космос Чыдынов жетектейт.