Бишкекте 22-апрелде кесиптердин жана бош орундардын жарманкеси өтөт

22-апрелде саат 10:00дө Бишкектеги Улуттук китепканада бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, иш-чара алкагында катышуучулар өздөрүнө ылайыктуу жумушту таап, орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары алар үчүн кесипти туура тандоо боюнча мастер-класстар жүргүзүлөт.

Жарманкеде “Кока-Кола Ботлерс”, “Шоро”, “Берекет”, “Мобильные сети”, “Народный” жана башка ишканалардын өкүлдөрү келип, жумуш издөөчүлөргө консультацияларды өткөрүшөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан