Бүгүн, 16-апрелде Ош технологиялык университетинде Мухаммед пайгамбардын туулган айына карата «Мухаммед пайгамбар - бүтүндөй адамзаттын мугалими жана көсөмү» деген аталышта масштабдуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууга келген коноктор тарабынан Мухаммед пайгамбар тууралуу маалыматтар берилип, ислам дининин артыкчылыгы, окуу жайларга дин таануу сабагынын киргизилишинин, үй-бүлөлүк жана коомдук тарбиянын маанилүүлүгү сыяктуу бир топ маселелер айтылды.
Иш-чара Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулуп, “Адеп башаты" прогрессивдүү коомдук фондунун өкүлдөрү келишти.
Иш-чаранын негизги максаты бүгүнкү күндөгү диндер менен диний агымдар, пайгамбар тууралуу жаштарга туура, кеңири маалыматтарды жеткирүү болуп саналат.