Кыргызстандагы музейлердин биринде корей маданият бурчун ачууну Маданият жана туризм министри колдоду. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Демилге Түштүк Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю тарабынан КРнын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Жолугушууда Ким Чанг Гю мырза маданият бурчу корей элинин тарыхын, турмуш-тиричилик жана маданий мурасын чагылдыруу керек деген оюн билдирди.