Айгүл гүлү Баткенге келген коноктордун көз жоосун алууда (фоторепортаж)

Айгүл гүлү кыргыз элин эле эмес, чет өлкөлөрдөн Баткенге келген коноктордун көз жоосун алып, таң калтырууда. Буга 17-апрелде Баткен шаарында туризмди өнүктүрүү максатында өткөн "Баткен-2014" II Эл аралык форуму далил. Анда чет элдик инвесторлор катышып, айгүл гүлдөрүнүн жанында эстеликке сүрөткө түшүшкөн. 

Форумдун жүрүшүндө Американын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен Баткен облусунун табигый потенциалы жөнүндө укканын жана айгүл гүлүн көрүүнү самап келгенин айткан. Ошондой эле транспорттук инфраструктуранын өнүкпөгөнүнөн улам аймакта туризмди өнүктүрүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, дүйнөнүн саналуу гана жерлеринде өскөн айгүл гүлүн Кыргызстанда бир гана Баткен аймагынан көрүүгө болот. Тактап айтканда, гүл өскөн тоо Айгүл-Таш деп аталып, ал Баткен шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. 
Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетип, гүл өскөн аймак 5-6 гектар аянтты ээлейт. Бирок бул гүлдүн башка гүлдөрдөгүдөй жыпар жыты жок. 
Аны көрүү үчүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан көптөгөн жарандар келишип, сейрек кездешүүчү бул өсүмдүктүн сулуулугуна суктанып кетишет. Адистердин айтымында, Кызыл китепке кирген бул гүлдүн саны жылдан-жылга азайып бара жатат, буга анын көп үзүлүп жаткандыгы себеп болууда. Бул гүл Кыргызстандан башка Ооганстан тоо кыркаларында өсөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Danel
2014-04-21 13:25:31
Эн соонун жерда мурдаа барчуу элек.
0
Nurik.92A92B.
2014-04-21 13:39:49
Абдан мыкты иш чара болуптур! Уюштуручу топко ыраазылык билдируу менен бирге айгул гулу кылымдарга сакталып калышына тилектешмин!
+1
inoplanetyanin
2014-04-21 13:49:01
Batkenim-Altyn Beshigim!
0
liliya-gul
2014-04-21 14:03:10
Бул да болсо Аллахтын тартуулаган керемети .
+1
universal
2014-04-21 14:38:07
чын эле труба кооз экен )
0
muslim7
2014-04-21 15:07:57
Айгүл гүлү жер жүзү боюча бир жерде өсөт
0
syltanmyrat2013
2014-04-21 15:40:09
Чындыгында мындай кооз гулду коро элекмин
0
aikow92
2014-04-21 16:38:53
Бул биздин гүл деп сыймыктанам, суктанам. Барып көрбөгөнүмө уялам.
+2
Dadasdasd
2014-04-21 17:06:23
Мен ойлойм Баткенди тааныткан өрүк менен айгүл гүлдүн өңү оп- окшоштугунда да сыр болсо керек.
+1
samidinova84
2014-04-21 20:40:04
Гулдоп турган гулду узбо,анын дагы убалы бар.озунчо бир керемет гул экен.
0
mir89kg
2014-04-21 22:17:54
Чындыгындо ото кооз гул биз шеринеге барганда коргонбуз, соонун барып коргонго татыктуу. Биргана Айгул гулу эмес Манас ордо, Орук зар, Торт-кол жана башка кооз жерлер бар экен! Биир барып корсон армаанын жок калат киши.
0
Abdyrawit
2014-04-22 02:46:52
Мен да кичинемден бери баткендеги ушул гулду корууну максат кылам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан