"Алай районунун Биринчи Май айылындагы Ж.Орозов атындагы орто мектептен чыккан жыландар суу жыландар экен. Алар адамга коркунуч келтирүүчү жыландардан эмес. Эгер адам тийишсе, чакпайт. Тиштеши мүмкүн экендиги борбордон келген адистер тарабынан аныкталды",- деп билдирди бүгүн, 21-апрелде аталган райондун акими Таалайбек Сарыбашов.
Анын айтымында, адистер мектептен чыккан жыландарды жок кылышты. "Адистердин айтымында, мектепте жыландын уюгу жок. Алар 25-30 жыланды жок кылышты. Бүгүндөн баштап окуучулар сабактарын уланта башташты. Бизде аба ырайы бүркөк болгондугуна байланыштуу жыландардын баарын жок кылууга мүмкүн болгон жок. Алар себилген дарыдан эки жуманын ичинде толук жок болорун айтышты",- деди ал.
Эске салсак, бул айылда күн жылыгандан бери 20-30дай жылан чыкканы айтылып, окуу процесси токтотулган.