“Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин акысыз берилүүсү үчүн алардын айрым барактарына жарнама киргизиш керек” деп бүгүн, 21-апрелде маалымат жыйынында активист Нурсултан Абдухалимов билдирди.
Анын айтымында, ушул максатта жаш активисттер изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада окуучулардын басымдуу бөлүгү ар бир китепке ижара төлөөгө мүмкүн эмес экенин билдиришкен.
“Ошондуктан жеке ишканаларга өз продукциясын жарнамалоого китептин айрым барактарын бөлүп берүүнү сунуштайбыз. Окуучуларга терс таасирин тийгизген жарнамалар чыгып кетпеш үчүн тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт”,- дейт активист.