Кыргызстанда 22-апрелден 26-апрелге чейин “Европалык эмдөө жумалыгы” өткөрүлүп, жугуштуу оорулардын алдын алуу иш-чаралары көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Республикалык эмдөө борборунун башчысы Жолдош Калилов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, “Европалык эмдөө жумалыгына” Кыргызстан сегизинчи жолу катышууда. Жумалыктын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында жугуштуу оорулардан сактануу максатында эмдөө жүргүзүлөт.
“Акыркы жылдар ичинде Бишкектин айланасында 50гө жакын жаңы конуш пайда болду. Ал жакта жашаган тургундардын дээрлик басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөйт. Себеби көбү базарда соода менен алектенет жана эртеден кечке жумушта. Биз жумалыктын алкагында жаңы конуштардын тургундарын үй-бүлөлүк дарыгерлердин каттоосунан өткөрүп, тиешелүү эмдөөдөн өткөрүүнү көздөөдөбүз”,- дейт Ж.Калилов.
Эске салсак, Кыргызстанда жугуштуу оорулардын 10 түрүнө карата милдеттүү түрдө эмдөө жасалып келет.