Бүгүн, 21-апрелде Нарын районунун Дөбөлүү айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылында эки кабаттуу мектептин пайдубалына капсула салынды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Карганбек Самаков, Майрамкүл Тиленчиева, Бакыт Шаршеевдер катышты. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин айылдын мектеп окуучулары 6 чакырым жолду жөө басып, мектепке ылайыкташпаган, тоо түбүндөгү мурдагы пионер лагеринин имаратында окуп келишкен. Аталган айыл өкмөтү 6 жылдан бери бийликке кайрылып келген. Акыры 100 орундуу мектептин курулушуна түрк грантынан 17 миллион сом бөлүнгөн.