Ош шаарында коомдук унаалардын айдоочуларынын арасында сынак жарыяланды

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы маршруттук каттамдар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, коомдук унаалардын жүрүү графиги, унаалардын абалы, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө, жол эрежелерин туура колдонуу нормалары эске алынат. Иш-чара атайын кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, жыйынтыгында 1-орунга 4000, 2-орунга 3000, 3-орунга 2000 сом акчалай сыйлыктар берилет. 20-апрелде башталган сынак 27-майга чейин жүргүзүлмөкчү. 

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 153 маршруттук каттам бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
smart_n79
2014-04-21 17:15:45
Байгелердин суммасын бир аз кобуроок кылса болмок экен...
0
Baaasyz07
2014-04-21 19:17:05
Bul ech kanday stimul jaratpayt
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан