Эртеӊ Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт

Эртең, 22-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Арча-Бешик конушундагы (Кең-Суу, Волдайская, Бах көчөлөрүндө) электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй, Степное, Чүй районундагы Кош-Коргон, Кара-Дөбө, Искра, Биримдик, Жаңы-Турмуш, Сайлык айылдарында, Жайыл районундагы Новониколаевка айылындагы (Московская, Автомобилчилер, Свердлов), Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндөгү (Кара-Балта, Макаренко, Тимирязев көчөлөрүндө), Кант шаарынын бир бөлүгүндө (Гагарин, Мичурин, Абрикосовая, Шолохов, Парковая, Комсомольская, Мирный көчөсүндө) көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан