Октябрь району боюнча жыл башынан бери 113 адам жумуш орду менен камсыз болду

Бишкекте 2014-жылдын январь-март айларында Октябрь районунун 113 тургуну иш менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Октябрь районунун карамагында Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштары жайгашкан. Аталган райондордо жумушсуз деп 407 адам катталып, 7 адамга
жөлөк пул берилүүсү каралып, 40 адам окутууга жөнөтүлгөн. Андан тышкары 63 адам ар кандай эмгек акы төлөнүлүүчү коомдук иштерге жөнөтүлүп, 2 адам микрокредит алып жана 113 адам жумушка орноштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан