Ош шаардык мэриясы шаардагы "Тешик-Таш" базарынын айланасындагы майда соода-сатык менен алектенген соода түйүндөрүн башка жайга көчүрүү боюнча иштеп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 22-апрелде мэриянын басма сөз кызматы таратты.
Маалым болгондой, мындай иш-аракет жакында баштала турган көпүрөнүн курулушуна байланыштуу. Иштин жүрүшүн тартип сакчылары көзөмөлгө алышат.