Бишкекте 26-27-апрель күндөрү "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан II Билим фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестивалдын негизги максаты - техникалык кесиптерге кызыгууну кайрадан жаратуу. Иш-чара алгачкы күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде, экинчи күнү "Сейтек" балдар борборунда, Мамлекеттик тарых музейинде жана эски аянтта өтмөкчү.