Бүгүн, 22-апрель күнү эртең менен "Кудайберген" базарындагы соода орундарынын ижарачылары ижаранын баасынын кескин өскөнүнө нааразылыгын билдирип, ишке чыгышкан эмес. Биз барган учурда чогулушу жаңы эле бүтүп, контейнерлер ачылып баштаптыр.
“Соода орундарынын ижарачыларына эртең менен чогулуш өткөрүлдү. Алар өз ойлорун, нааразылыктарын билдиришти. Биз ижаранын баасы 2005-жылдан бери акыркы жолу 2009-жылы 1000 сомго гана көтөрүлгөнүн айттык. Эгерде 2005-жылы 3 миллион сом салык төлөмдөрүн төксөк, азыркы учурда 11 миллион салык төгөбүз. Карап көрсөк, айырмасы бар. А бирок ижарачылар мурунку баа менен эле иштеп келе жатышкан”,- дейт базардын администрация башчысы Жыргалбек Баялинов.
Анын айтымында, буга чейин базар жетекчилиги эл бутуна турсун деп ижараны көтөрбөй келген. Баалар бухгалтерия жана аудит аркылуу көтөрүлгөн.
“Каражат базар ичин толугу менен асфальттоого, жаңы трансформаторго жана базардын ичин жакшыртууга сарпталат”,- дейт администрация.