Кыргыз спортунун чыгаан өкүлү, муай-тай боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, кыз-келиндер арасында "Дүйнөнүн мыкты тай бокс чебери" наамынын ээси Валентина Шевченко акыркы жылдары Перунун баш калаасы Лима шаарында жашап, машыгып жүрөт. Спортчунун жанында эжеси Антонина жана машыктыруучусу Павел Федотов бар. Азыркы күндө Валентина келишим менен иштеп, эл аралык мелдештерде Перунун атынан чыгып жүрөт.
Аталган өлкөдө жашап жатканына 4 жылга жакын убакыт болгон Валентина бул аралыкта жергиликтүү тилди (ред. - испан тили) өздөштүрө алган. Ал жактын жашоо шартына кадыресе көнгөнү да анын сүрөттөрүнөн көрүнүп турат. Валентина спорттон тышкары куралдарга, саякаттоого кызыгат жана түрдүү шоу программаларга катышып, көңүл борборунда болууну жактырат. Бул тууралуу кенен сүрөттөр топтому назарыңызда...