АКШнын элчилиги грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугуна аттанчу 16 спортчунун үчөөнө гана Америкага учууга уруксат берди 

Грэпплинг спорту боюнча АКШнын Нью-Жерси шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 16 спортчу аттанмак. Тилекке каршы, АКШнын элчилиги анын ичинен 3 гана спортчуга АКШга учууга уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде машыктыруучу Эмил Токтогонов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 26-27-апрелде өтөт. “Мелдешке 16 спортчудан турган күчтүү курам менен барууну ойлогонбуз. Бирок элчиликтин эмне себептен биздин спортчуларды жиберүүдөн баш тартканын түшүнбөй калдым. Балким, саясат болуп кетти...”- дейт Эмил мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kgman92
2014-04-22 16:28:25
кимдер барат экен?Аты жонун жазып койосуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан