Салык кызматы: “Дордой” базарында көйгөй көп”

Бүгүн, 22-апрелде “Дордой” базарынын жетекчилиги жана КРнын Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору кеңешме өткөрүштү. Анын натыйжасында базарда курч көйгөйлөр көп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, базардын аймагында терминалдар жана патент берүүчү жайлардын аздыгы талкууланды. Мындан тышкары ар бир катарга бирден терминал орнотуу маселеси каралды.

“Дордой” Орто Азияда ири базарлардын бири болгондуктан, бул жакка көптөгөн өлкөлөрдөн сатуучулар жана сатып алуучулар келишет. Албетте, мындай көрүнүш бир топ көйгөйлөрдү жаратат”,- деди Кумашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан