Кыргыз жазуучусу Айдарбек Сарманбетов Түркияда өткөн Махмуд Кашгари атындагы Эл аралык адабият сынагында 2-орунду алды. Бул тууралуу 29-декабрда "literatura.kg" сайты маалымдады. 21-декабрда Түркиянын борбор шаары - Анкарада өткөн бул сынакка 30дан ашуун түрк тилдүү өлкөлөрдөн жазуучулар ат салышкан. Жашыруун добуш берүүдөн кийин белгилүү болгондой, кыргызстандык жазуучу Айдарбек Сарманбетов 2-орунду ээледи.