Ош шаарындагы сапатсыз тамак-аш сатып алып жаткан тургундардын кайрылуусун жана талабын эске алуу менен сырттагы соодагерлер борбордук базарга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, борбордук базардын айланасындагы баш аламан соода кылгандарды базар ичине көчүрүү башталды. Ал эми сатуучуларга бардык жактан шарттар түзүлүп, ыңгайлуу орундар берилүүдө. Айта кетсек, 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин борбордук базар толук кандуу иштеген эмес. Андан соң эстакадалык көпүрөнү куруу иштери башталып, Ленин, Кара-Суу, Навои көчөлөрүндөгү жолдун жээгине баш аламан соода-сатык жүргүзүү башталган.