Бишкекте электр энергиясынын чыңалуусунан улам көп кабаттуу үйлөрдө 90го жакын асма араба (лифт) ар кандай бузулууларга туш болуп, жаңыдан ишке кирди. Бул тууралуу “Бишкек шаардык лифт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Виктор Попов бүгүн, 22-апрелде билдирди.
“Электр энергиясынын чыңалуусунан улам шаар ичинде 90 асма араба иштебей турду. Туңгуч кичи районундагы көп батирлүү үйлөрдө 30га жакын лифт иштеген жок. Тургундар жөө чыгып-түшкөнгө аргасыз болду”,- дейт В.Попов.
Анын айтымында, электр жарыгы улам күйүп-өчкөндөн улам кыймылдаткычтар толугу менен иштен чыгып калышы ыктымал. Аны кайрадан калыбына келтирүүгө 11 миңден 14 миң сомго чейин каражат сарпталат жана ал каражатты “Түндүк электр” ишканасындагы күнөөкөр каржылаш керек. Бирок алар форс-мажор кырдаалына шылтап, чыгымдарды төлөөдөн баш тартууда.
Маалыматка таянсак, асма араба толук кандуу иштеш үчүн берилүүчү электр энергиясы белгиленген туруктуу диапазондо иштеши зарыл. Эгер андай шарт болбосо, кыймылдаткычтын күйүп кетишине алып келет.