Эртең, 23-апрелде саат 10:00дөн 16:00гө чейин борбордогу Көк-Жар конушунда (Көк-Жайык, Ой-Терскен, Шабдан баатыр, Куйручук көчөлөрүндө), Иваницин, Карпинский, Горький, Байтик баатыр көчөлөрүндө, Мир көчөсүндөгү №47, 47 “А” көп кабаттуу үйлөрдө, саат 9:00дөн 14:00гө чейин Жантөшев, Кара-Дарыя көчөлөрүндө, Ясенский кичи көчөсүндө «Орок» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларында №1765, 345, 931-трансформаторлорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.
Саат 10:00дөн 16:00гө чейин Аламүдүн районундагы Октябрь, Лебединовка айылдарында (Чкалов, Комсомольская, Мичурин, Садовая, Киров, Чапаев көчөлөрүндө, Победа, Ленин проспектилеринде),
саат 11:00дөн 15:00гө чейин Ленин айылында (Виноградная, Коммунарская, Алма-Атинская, Восточная, Набережная көчөлөрүндө), саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулуктагы Военно-Антоновка айылында, Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын бир бөлүгүндө (Жакыпов, Чкалов, Ванахун, Микоян, Октябрьская, Щорс, Буслаев, Пушкин көчөлөрүндө), Биринчи Май айылында (Биринчи Май, Продовое, Совет, Батыш көчөлөрүндө) Жайыл районундагы Сары-Булак, Моңолдор айылдарында жогорку чыңалуудагы «Главная», «Сосновка», «Карл Маркс», «МИС» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.