Москвада 9-11-май күндөрү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун демилгеси астында чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III Дүйнөлүк форуму өтөт.
Маалыматта белгиленгендей, ага АКШ, Түркия, Италия, Корея, Африка, Австралия, Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү 200гө жакын коомдук уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү катышмакчы. Ошондой эле эл аралык бирикмелердин катышуусу да күтүлүүдө.
Форумдун негизги максаты - чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын ич ара кызматташуусун кеӊейтүү жана бекемдөө.