2012-жылдын 29-декабрынан баштап 2013-жылдын 2-январына чейин өлкөнүн тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болуусу күтүлүүдө. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылын так сактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосуна ылайык, кар көчкү түшүү коркунучун күчөтүүчү абалдын түзүлгөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 жана 198-265, ошондой эле 361-385-чакырымдарындагы кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө үчүн 2012-жылдын 28-декабрынан 30-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайылап түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргоонун башчысы – премьер-министрдин 2012-жылдын 26-декабрында №36-буйругу чыккан. Бул буйрукту аткаруу максатында 2 артиллериялык топ түзүлүп, 2012-жылдын 28-декабрь күнү бир артиллериялык топ Төө-Ашууда, экинчи артиллериялык топ “Ит-Агар” кар көчкү станциясына жетишти. Атуу иштери 2012-жылдын 29-декабрь күнү башталат. Кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүрүп жаткан сааттарда унаа жолдору убактылуу жабылат.