Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Апам 53 жашта. 1985-жылдары колхоздо саанчы болуп иштеген. Бой жеткен 5 баласы бар. Жер үлүшү 5 гектар. Атабыздын көзү өтүп кеткенден кийин апабыз эч жерде иштеген эмес. Апабыз пенсияга эрте чыкса болобу? Кандай документтерди чогултуш керек? Суроо калтырган Bagirra
Жооп: - Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин 7-пунктуна ылайык, 5 жана андан көп бала төрөгөн жана аларды 8 жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу боло алышат.
Эгерде сиздердин үй-бүлөӊүздөргө таандык болгон жер үлүшү бар болсо, анда ал жер үлүшкө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамында белгиленген социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүп, камсыздандыруу стажын талапка ылайык толуктап, жеӊилдетилген шарттагы көп балалуу энелердин катарында пенсияга чыкса болот.
Ал эми «Баатыр эне» тууралуу сурооӊузга төмөнкүлөрдү билдиребиз: 5 балалуу энелер Баатыр энелердин катарына кирбейт, себеби Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамына ылайык, Баатыр эне ордени менен:
- 10 же андан көп баласы бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер;
- 9 же андан көп баласы бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер;
- 2007-жылдын 1-январынан: - 8 же андан көп баласы бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер;
- 2008-жылдын 1-январынан: - 7 же андан көп баласы бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер;
- 2009-жылдын 1-январынан: - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку айырмалуу даражага татыктуу болгон балдары бар энелер сыйланышат.
Баатыр эне ордени менен сыйлоодо мыйзамда белгиленген тартипте эне тарабынан асырап алынган, аскердик, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда курман болгон, дайынсыз жоголгон, ошондой эле мындай учурда алган жараатынан же ооруга чалдыгуунун кесепетинен, болбосо эмгектик мертинүүгө учуроодон же кесиптик ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза болгон балдары эске алынат.
Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндөгү расмий өтүнмө айылдык, шаардык кеңештер тарабынан сунушталат.
Өтүнмө алгач айылдык, райондук, шаардык маанидеги кеңештерде каралып, андан кийин облустук кеңештер менен макулдашылат. Бишкек жана Ош шаардык кеңештери мэрияга жиберет. Баатыр эне наамын алуу боюнча сиздер тараптан бериле турган сунушка төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
а) Баатыр эне наамы жана башка сыйлыктары тууралуу документ;
б) Өздүк баракча;
в) Социалдык фонд органдары тарабынан алып жаткан же ала турган пенсиясынын өлчөмү тууралуу маалымат;
г) Эмгек китепчесинин көчүрмөсү жана башка эмгек стажы тууралуу нотариалдык кеӊсе же архивдик мекеменин мөөрү менен бекитилген маалымат;
д) 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт.
е) Ички иштер органынан алынган соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымат.
Ал эми пенсия чектөө үчүн туруктуу жашаган жери боюнча Райондук социалдык фонд башкармалыгына төмөнкү документтер менен кайрылууну сунуштайбыз:
1. Паспортунун көчүрмөсү;
2. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, эгерде эмгек китепче жоголуп кеткен болсо, анда эмгек стажын тастыктоочу архивдик маалымат;
3. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайда окугандыгы тууралуу дипломдун көчүрмөсү (күндүзгү формадагы);
4. 1996-жылдын 1-январына чейинки пенсионер каалаган катары менен 5 жылдык эмгек акы тууралуу маалымат;
5. 1996-жылдын 1-январынан тартып пенсияга чыкканга чейинки мезгилге эмгек акы тууралуу жылдык маалымат (иш берүүчү мекеме тарабынан берилет);
6. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, нике тууралуу күбөлүк (аялдарга);
7. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, 2-даана.
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.