Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети өкмөттүн 2013-жылдык отчёту боюнча кийинки аптада чечим чыгарат. Мындай чечим комитеттин 29-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Жыйында вице-премьер-министр Эльвира Сариева баштаган өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева “бүгүн маалыматты уктук, чечимди комитеттин кийинки отурумунда кабыл алабыз” деп билдирди.