Парламентте бүгүн, 30-апрелде “Кумтөр” боюнча Өмүрбек Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды. Айрым депутаттар бул мыйзамдын аткарылышы кыйын экенин билдиришти. Бирок демилгечи депутат буга макул эмес. “Мыйзам абдан сонун иштейт. “Центерра” “Кумтөрдү” токтотом деп көрсүнчү, кандай иштей турганын көрөбүз”,- деди Текебаев.
Депутат Дамира Ниязалиева муну менен инвесторлорду коркутуп алуу жагы бар экенин айтты эле, Текебаев: “Тескерисинче, бул мыйзам инвесторлорго абдан жагат. Анткени инвесторго ишкананын токтобой иштеп турушу маанилүү. Аларды менеджер иштетет. Инвестор ишканасы токтобой иштээрин, аны токтоткон менеджери жоопко тартыларын билиши керек”,- деп жооп берди.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.