Бишкекте "Кавказ бийлейт жана ырдайт" аттуу концерт болот

13-январда саат 17:00дө Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында “Кавказ бийлейт жана ырдайт” аттуу концерт болот. Бул тууралуу аталган театрдын арт-директору Елена Смирнова билдирди. “Кыргызстан - бир канча улуттарга бай өлкө. Алардын бири каада-салты, маданияты менен айырмаланып турган кавказ калкынын элдик ансамбли өлкөдө улут аралык ынтымакты чыңдоо алкагында концерт тартуулашат”,- деди Е.Смирнова. Бул күнү «Казбек», «Къууанч», «Ахыска», «Кавказдын бүркүттөрү», «Жигиттер» жана «Эрзи» ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан