17-январда Тажикстандын Кыргызстандагы маданий күндөрү белгиленет

17-январда Бишкекте Тажикстандын Кыргызстандагы маданий күндөрү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда маданият министринин басма сөз катчысы Назгүл Мекешова билдирди. Бул иш-чара эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына карата уюштурулуп, карым-катнашты мындан ары да чыңдоону максат кылат. Иш-чарага катышуу үчүн Бишкекке Тажикстандын маданият министри баштаган чыгармачыл топ келмекчи. Маданий күндөр Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алмакчы.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан