Кыргыз улуттук консерваториясында "Классикалык шедеврлер" аттуу коцерт өтөт

15-январда Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында эл аралык конкурстардын лауреаты, А.Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык Опера жана балет театрынын солисти Элнура Самарбекованын (сопрано)   “Классикалык шедеврлер” аттуу жеке концерти өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук консерваториянын проректору Екатерина Лузанова билдирди. Анын айтымында, кечеге Италиянын опера ырчысы Жеңишбек Ысманов (тенор) жана А.Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык Опера жана балет театрынын солисти Данияр Мусаев (баритон) чакырылган. Концерттин катышуучулары Бишкек шаардык мэриясына караштуу симфониялык оркестрдин коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан